Айлыгы 30-40 миң сом. "Тазалык" жумушчуларды ишке чакырат

Тазалык ишканасынын кызматкери. Архивдик сүрөт
Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. "Тазалык" муниципалдык ишканасы жумушчуларды ишке чакырат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ишканага жолдорду көрктөндүрүү жана тейлөө бөлүмүнө тазалоочулар жана ар кандай жумушчулар талап кылынууда.
"Эмгек акы жумушуна жараша эсептелет, орто эсеп менен 30-40 миң сомду түзөт. Жумушчулар жети саат иштейт", — деп айтылат маалыматта.
Толук маалымат алуу үчүн Ростовская көчөсү, 19Б дарегине кайрылса болот.
Бишкекте бак-дарактарды отургузуу. Архив
Мэрия элди көчөт отургузууга чакырып, дарактардын түрүн сунуштады