Ташиев Бишкектеги 45 миң орундуу жаңы стадионго кайсы акча бөлүнгөнүн айтты

Ташиев, президенттин тапшырмасына ылайык, Кыргызстандагы бардык стадиондор жаңыртыла турганын кошумчалады.
Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акчанын 21 миллион доллары жаңы футбол стадионун курууга которулду. Бул туурасында Кыргыз футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев билдирди.
1 / 4

Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акчанын 21 миллион доллары жаңы футбол стадионун курууга которулду

2 / 4

Бул туурасында Кыргыз футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев билдирди

3 / 4

Ал бүгүн курулуш иштери жүрүп жаткан жерге барып, журналисттерге маалымат берген

4 / 4

Арена 45 миң кишиге ылайыкташып, кыргыз боз үйүн элестетет

Ал бүгүн курулуш иштери жүрүп жаткан жерге барып, журналисттерге маалымат берген.
"Бул стадионду курууга жалпысынан 60 миллион доллар керектелери болжолдонууда. Эки жылдан кийин пайдаланууга берилет. Долбоорун даярдоого Англиядан жана Түркиядан архитектор, адистер келди. Алар Дүйнөлүк футбол федерациясынын стандарты менен курушат", — деди Ташиев.
Арена 45 миң кишиге ылайыкташып, кыргыз боз үйүн элестетет. Ташиев, президенттин тапшырмасына ылайык, Кыргызстандагы бардык стадиондор жаңыртыла турганын кошумчалады.
Бишкекке курула турган жаңы стадиондун эскизи даяр болду