2024-жылдын соӊуна чейин азык-түлүктүн 4000дей үлгүсүн антибиотикке текшерүү пландалууда. Бул тууралуу Тилек Табалдиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, малдан алынган чийки заттардын жана азык-түлүктөрдүн коопсуздугу ар бир квартал сайын текшерилет.
"Жыл өткөн сайын антибиотиктер айыл чарбасында жана тамак-аш өнөр жайында көбүрөөк колдонулууда. Бул малды оорулардан коргоо, дарылоо үчүн керек. Бирок дары малдын денесинен тарап кеткенге чейин азык-түлүк катары керектөөчүлөргө сатылбасын деген талап бар. Үстүбүздөгү жылдын үч айында Ветеринардык кызмат жаныбарлардан алынган чийки заттардын жана азык-түлүктөрдүн коопсуздугун аныктоо үчүн 473 үлгүнү текшерди. Алардын 25инде антибиотиктерге оң натыйжа чыкты. Түндүк регион боюнча 212 үлгү текшерилип, 15 продукциядан (сүттөн - 13, экөө балдан табылган) антибиотиктер аныкталган. Ал эми түштүк аймакта 261 үлгү текшерилип, 10унан (тоңдурулган балыктан - 5 жана сүттөн – 5) антибиотиктер табылды. Антибиотик чыккан тамак-аш азыктары жана жаныбарлардан алынган чийки заттардын үлгүлөрү боюнча протоколдор түзүлдү. Алар ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык утилизацияланды. Биз тамак менен бирге жеген антибиотиктер денеге топтоло берет. Бул дары-дармекке туруктуулукту шарттап, аллергиялык, онкологиялык оорулардын пайда болуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Андыктан мындай азык-түлүктү жегенге болбойт. Азыкты кайнатып, кууруса да антибиотик сакталып калат берет", — деди Табалдиев.
Ал ветеринардык инспекторлор республика боюнча эреже-талаптарга ылайык үлгүлөрдү чогултуп текшерүүдөн өткөрөрүн кошумчалады.