Чүй катуу шамалдан канча чыгым тартканы аныкталды

Райондук администрациялар, айыл өкмөттөр, муниципалдык ишканалардын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеген.
Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Чүй облусундагы 28-мартта ылдамдыгы секундасына 18-26 метрге жеткен катуу шамалдын натыйжасында киргизилген өзгөчө кырдаал режими алынды.
1 / 3

Чүй облусундагы 28-мартта ылдамдыгы секундасына 18-26 метрге жеткен катуу шамалдын натыйжасында киргизилген өзгөчө кырдаал режими алынды

2 / 3

Президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, комиссия ишинин жыйынтыгы боюнча келтирилген чыгым 23 миллион 567 миң 335 сомду түздү

3 / 3

Кырсыктын кесепетин жоюуга ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери катышканы кошумчаланды

Президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, комиссия ишинин жыйынтыгы боюнча келтирилген чыгым 23 миллион 567 миң 335 сомду түздү.
"Катуу шамалдан 183 объект, анын ичинде 87 турак үй, эки оорукана, 39 мектеп, 16 бала бакча, 13 мамлекеттик мекеме, бир жогорку окуу жай, 20 трансформатордук подстанция, кампа, мончо, дүкөн, электр линиялары жана дагы башка беш имарат жабыркады", — деп айтылат маалыматта.
Кырсыктын кесепетин жоюуга ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери катышканы кошумчаланды.
Бишкектеги өзгөчө кырдаал режими алынды. Шамал 16 млн. сомдук зыянга учуратты