Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

НАТОдон Украинага аскер жиберүүгө ниети жоктугун айтышты

Москва Киевге курал-жарак берүү альянстын өлкөлөрүн чатакка катышууга себепкер болот деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. – Sputnik. НАТОнун Украинага согуштук бөлүктөрүн жиберүүгө ниети жоктугун аталган уюмдун башкы катчысы Йенс Столтенберг польшалык телеканалдын эфиринде сүйлөп жатып айтканын РИА Новости жазды.
Буга чейин АКШнын Мамлекетик департаментинин консультанты Эдвард Люттвак UnHerd интернет-порталындагы макаласында Киевде аскер жетишпей жаткандыктан НАТО Украинага аскер жөнөтүүгө аргасыз болорун, антпесе жеңилерин жазган эле. Анын айтымына караганда, Улуу Британия, Франция жана Түндүк Европанын мамлекеттери согушка жоокер жөнөтүүгө даяр.
Бирок бул боюнча альянстан башкача билдирүү жасалды.
"Украинага эч кандай аскердик бөлүктөрдү жөнөтпөйбүз, андай ниетибиз жок", — деген Столтенберг.
Башкы катчы муну менен катар эле Киевге курал-жарак берүүнү ыкчамдатып, бекемдөөгө чакырган.
"НАТО боюнча союздаштар Украинага согуштук колдоосун жөнөтүп жатат. Аны тездетип, көлөмүн көбөйтүшүбүз керек. Өзгөчө абадан кол салуудан коргоо системалары жаатында жасалышы керек", — деген башкы катчы.
Москва Киевге курал-жарак жөнөтүү кырдаалды жөнгө салууга тоскоолдук жаратып, НАТО мамлекеттерин согушка аралаштырат деп эсептейт. РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров Украинаны куралдандыруу үчүн жөнөтүлгөн кандай гана аскердик жүк болбосун Россия армиясынын мыйзамдуу бутасына айланарын эскерткен.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Америкалык сенатор: Украина менен АКШ бир учурда НАТОдо болбошу керек