Кесиптик лицейлердин жана колледждин директорлугуна сынак жарыяланды

Окуу жайга жетекчи болуучуларга талаптар көрсөтүлдү.
Sputnik
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Кесиптик лицейлердин жана колледждин директорлугуна бош орундарга ачык сынак жарыяланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, конкурс 20 кесиптик лицей жана колледждин директорлугуна жарыяланды.
Талапкерлерге төмөнкүдөй талаптар коюлган:
жогорку кесиптик билимдин болушу;
билим берүү чөйрөсүндө же окуу жайдын профили боюнча 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
Кыргыз жараны.
Керектүү документтердин тизмеси министрликтин сайтында бар. Алар 16-апрель саат 18:00гө чейин Бишкек шаары, Тыныстанов көч., 257 дареги боюнча жана Билим берүү жана илим министрлигинде 219-кабинетте кабыл алынат. Сурап-билүү үчүн телефон: 0312 62 05 09
Радио
2024-жылы өлкөдөгү 48 бий мугалиминин квалификациясы жогорулатылды