БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Ысык-Көл облустук ооруканасында 18 жаштагы келин төрөт учурунда көз жумганын Саламаттык сактоо министрлигинин адиси Раиса Асылбашева билдирди.
Анын айтымында, келин Түп райондук төрөт бөлүмүнө өтө оор абалда түшкөн.
"Ал каттоодо турган, эч кандай кыйынчылык болгон эмес. 20-мартта дарыгерге көрүнүп, 23-мартта төрөт бөлүмүнө күйөөсү менен келген. Тез арада Караколдогу облустук ооруканага жеткирилип, ай-күнүнө жете элек бала операция жолу менен алынган. Энени да, баланы да куткарууга мүмкүн болгон жок", — деди Асылбашева.
Ошондой эле ал экспертиза жүргүзүлүп, милиция менен дарыгерлер окуянын бардык жагдайын тактап жатканын айтты.
Маркумдун туугандары ЖМКга 22-мартта келиндин дене табы көтөрүлүп, эртеси ооруканага алып барышканын билдиришкен. Анын жолдошу Саламаттык сактоо министрлигинен текшерүү жүргүзүүнү суранууда. Айтымында, дарыгерлер алдын ала эклампсия деген диагноз коюшкан.
Бул жыл башынан бери төрөттөн каза болгон төртүнчү учур. Январдын ортосунда борбор калаанын №2 төрөт үйүндө бир аял кайтыш болгон. Ал эми февралдын башында Бишкектеги перинаталдык борбордо дагы бирөө көз жумган. Үчүнчүсү Жайыл райондук аймактык ооруканада өмүрү менен кош айтышкан.