Кара-Балта менен Токмокту өнүктүрүү үчүн бюджеттен 1 млрд. сомдон бөлүнөт

Буга чейин Каракол жана Жалал-Абад шаарларына 2 миллиард сомдон бөлүнүп, абалы жакшыртылган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Кара-Балта жана Токмок шаарларын өнүктүрүүгө бир миллиард сомдон бөлүнөт. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди.
Маалыматка караганда, Акылбек Жапаров эки шаарды өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Ал сунушталган пландарды бекитип, ишти өз убагында жана сапаттуу аткарууну тапшырды.
Кара-Балта шаарына бөлүнгөн бюджеттик каражаттын эсебинен аткарылчу иштер:
асфальт-бетон завод, таш майдалоочу цех куруу;
жол куруучу техникаларды сатып алуу;
Кербен муниципалдык базарын түзүү;
борбордук стадионду реконструкциялоо;
парктарды реконструкциялоо, сейил бактарды оңдоо;
суу менен камсыздоо жана канализация системаларын оңдоо;
бала бакча куруп, жолдорду оңдоо;
шаардын интерактивдүү картасын иштеп чыгуу жана видеобайкоо камераларын орнотуу пландалууда.
Токмок шаарында жасалчу иштер:
өнөр жай аймагын инфраструктура менен камсыз кылуу;
бетон заводун куруу;
"Токмок жылуулук" муниципалдык ишканасын модернизациялоо, асфальт-бетон заводун куруу;
атайын техникаларды алуу;
парктарды жакшыртуу;
таш майдалоочу цех куруу;
мал базарды жакшыртуу, жолдорду оңдоо (өнөр жай аймагындагы жана ички жолдор);
Бишкек-Нарын-Торугарт айланма жолунда туристтик комплекс жана логистикалык борбор куруу;
Токмок шаарынын борбордук базарын реконструкциялоо, балдар бакчасын, көп функционалдуу стадиондун курулушу пландалууда.
Буга чейин Каракол жана Жалал-Абад шаарларына 2 миллиард сомдон бөлүнүп, абалы жакшыртылган.
Пресс-борбор
Вице-мэр: Бишкектеги заводдо таштандыны кайра иштетүү бир нече этапта жүргүзүлөт