Кыргыз футбол курамасы FIFA рейтингинде кайрадан ТОП-100гө кирди

Улуттук команда Азия кубогунан кийин рейтинги түшүп кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы FIFA рейтингинде кайрадан алдыңкы жүздүккө кирди. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
Эске салсак, команда Азия кубогундагы жеңилүүлөрдөн кийин 104-орунга (февралда) түшкөн. Андан кийин улуттук курам 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында Тайбэй командасын эки жолу жеңген.
4-апрелде FIFA уюмунун расмий сайтында футбол боюнча улуттук курама командалардын жаңыланган рейтинги чыкты. Ага ылайык, "Ак шумкарлар" төрт позицияга көтөрүлүп, 1213,6 упай менен 100-орунду ээледи.
Азия футбол конфедерациясынын аймагында да төрт тепкич жылып, команда 17-орунда турат.
Садыр Жапаров Бишкектин четиндеги футбол комплексинин курулушун көрдү. Сүрөт