БИШКЕК, 5-апр. – Sputnik. Бишкектин кире бериш жерлерине экиден кем эмес транспорт алмаштыруучу түйүндөрдү уюштуруу мерчемделип жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, мындай түйүндөр облустардан келген шаарлар аралык жана аймактар аралык транспорт менен шаар ичинде каттаган коомдук транспортту байланыштырат. Тагыраагы, аймактардан келген кичи автобус, маршруткалар ошол түйүндөргө токтоп, элди коомдук транспорт ташыйт.
Муниципалитет "Бишкек шаарынын аймагында жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү жана транспорттук тыгындарды азайтуу концепциясын бекитүү жөнүндө" токтом кабыл алган.
"Документтин негизги максаты — жолдогу унаа тыгындарын азайтуу жана жол коопсуздугун сактоо үчүн жол кыймылын башкарган автоматташтырылган системаны ишке киргизүү", — деп жазылат маалыматта.
Концепциянын алкагында шаарга көпүрөлөрдү салуу, жол инфратүзүмүн модернизациялоо, жаңы жол ачуу, веложолдорду уюштуруу, атайын бөлүнгөн тилкелерди жалпы тутумга бириктирүү, бир тараптуу кыймылды уюштуруу, башаламан жайгашкан унаа токтотуучу жайларды жөнгө салуу, велосипед токтой турган жерлерди көбөйтүү, маршруттук тармакты оптималдаштыруу сыяктуу бир нече ири долбоор пландалып жатканы кошумчаланды.