Бишкек менен Оштун ТЭЦтери мэрияга өттү. Жапаров жарлыкка кол койду

Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Бишкек жана Ош шаарларынын ТЭЦтерин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына өткөрүү жарлыгына кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
"Отун-энергетикалык комплексинин айрым маселелери жөнүндө" жарлыгына ылайык, министрлер кабинетине бир катар тапшырмалар берилген. Алар:
Энергетика министрлигине караштуу "Кыргыз жылуулук энерго" мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу;
Бишкек жана Ош ТЭЦтерин активи, каржылоосу, штаттары менен кошо мэриянын балансына өткөрүү;
2028-жылга чейин жылуулук менен жабдуучу ишканаларды субсидиялоону токтотуу;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына киргизүүгө багытталган мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү.
ТЭЦ ири суммага оңдолот деп так эмес маалымат тараткан мамкызматкер иштен алынды