Бишкектеги өзгөчө кырдаал режими алынды. Шамал 16 млн. сомдук зыянга учуратты

Ордо калаада шамалдан 10 киши, 13 автоунаа жабыркаган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Бишкекте катуу шамалдан кийин киргизилген өзгөчө кырдаал режими алынды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Эскерте кетсек, 28-мартта ордо калаада ылдамдыгы секундасына 26 метрге жеткен катуу шамал болгон.
"Шаардык кызматтар анын кесепетин жоюу үчүн ыкчам чара көрүштү. Шамалдан 10 киши жапа чегип, 144 бак кулап, 13 унаа жабыркаган. 101 объектинин, анын ичинде 37 социалдык, 54 турак үйдүн чатыры бузулган. Жыйынтыгында катуу шамалдын келтирген зыяны 16 миллион 750 миң сомду түзгөн", — деп жазылат маалыматта.
30 градуска чейин жетет! Апрель айына карата аба ырайы