Алматыда Кыргызстандын жаранынан холера оорусу аныкталды

Аял Делиден Бишкекке Казакстан аркылуу учуп келе жаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 5-апр.— Sputnik. Алматыда Кыргызстандын жаранынан холера оорусу аныкталганын Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдиргенин Sputnik Казакстан жазды.
Маалыматка караганда, аял Делиден Бишкекке Казакстан аркылуу учуп келе жаткан.
"Санитардык дарыгерлер текшерүү жүргүзүп, анализдин жыйынтыгын алгандан кийин холера деген диагноз коюшкан. Бейтап байланышта болгон жүргүнчүлөр жана учактын экипаж мүчөлөрү ооруканага жаткырылды. Башка жүргүнчүлөргө симптомдор пайда болгондо дароо дарыгерге кайрылуу сунушталды", — деп жазылат маалыматта.
Холера - коркунучтуу жугуштуу оору. Аны жуктурган адам ичи өтүп, кусат. Өз убагында дарыгерлерге кайрылбаса өмүргө коркунуч жаратат.
Аллергиялык ринит эмнеси менен коркунучтуу? Дарыгер түшүндүрдү