Бишкек мэри "Аккула" ат майданынын жерине эмне түшөрүн айтты

Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. "Аккула" ат майданынын аукционго коюлган жерине көп кабаттуу үйлөр салынышы ыктымал. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев билдирген.
Орок айылындагы футбол стадионунун курулуш иштери менен таанышууга барган калаа башчысына журналисттер коомчулук эски ат майдандын орду парк болуусун каалап жатканын айтышкан.
"47 гектарды кантип сейил бак кылабыз? Ал жерди аукционго койдук. Бишкек шаарынын тургундары көп кабаттуу үй, батирге муктаж. Биз ал муктаждыкты жоюушубуз керек", — деген ал.
Эске салсак, буга чейин мэрия "Аккула" ат майданынын 45,73 гектар жери аукционго коюла турганын билдирген. https://sputnik.kg/20240403/akkula-at-maydany-zher-auktsiongo-koyulat-1083923528.html Жер тилкенин баштапкы баасы 8 миллиард 731 миллион 917 миң сом болору көрсөтүлгөн болчу.
Ташиев Бишкектеги 45 миң орундуу жаңы стадионго кайсы акча бөлүнгөнүн айтты