Акыйкатчы суицид катталган Сокулуктагы камераны көрүп чыкты. Сүрөт

Райондук милиция шектүү 1-апрелде №1 тергөө абагына которулмактыгын, паспорту жок болгондуктан кабыл алынбай кайра убактылуу кармоочу жайга кайтарылганын айтып берген.
Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. – Sputnik. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева жана институттун кызматкерлери үч күн мурда суицид болгон Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайына мониторинг жүргүзүп, ал жактын шартын көрүп чыгышты. Бул тууралуу акыйкатчынын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева жана институттун кызматкерлери үч күн мурда суицид болгон Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайына мониторинг жүргүзүп, ал жактын шартын көрүп чыгышты

2 / 2

Эске салсак, буга чейин Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайынын камерасында кармалган адам өз жанын кыйганы маалымдалган

Эске салсак, буга чейин Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайынын камерасында кармалган адам өз жанын кыйганы маалымдалган. Мындан улам Сокулук РИИБдин башчысы, полковник Уран Шамбетов, анын орун басары, подполковник Максат Иманалиев, нөөмөт бөлүмүнүн улук нөөмөтчүсү Тилек Дүйшөнбек уулу ээлеген кызматтарынан төмөндөтүү менен бошотулган.
"Институттун кызматкерлери суицид болгон камераны карап чыгып, видеокөзөмөл болбогонун аныкташкан. Ошол эле учурда башка кармоочу жайларда видеокөзөмөл болгон. Милициянын маалыматына ылайык, ал жакта кармалып тургандар, анын ичинде өмүрүнө кол салган шектүү дагы 1-апрелде Бишкек шаардык №1 тергөө изоляторуна которулмак. Бирок шектүүнүн өздүгүн тактаган документтери жок болгондуктан №1 тергөө изоляторуна кабыл албай койгон. Мындан улам ал кайра убактылуу кармоо жайына калтырылган. Кийинки күнү башка кармалып тургандар сотко кеткенде, Б.У камерада калган. Бир аз убакыттан кийин аны асынып турган абалда табышкан", — деп жазылат маалыматта.
Акыйкатчы убактылуу кармоочу жайда адам укуктарын камсыздоого чакырган.
Абактан чыгып сүйүктүүмдү жолуктурсам…Түрмөдө "мисс" атанган Хилоланын маеги