6-апрелге карата аба ырайы

6-апрелде күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Ишембиде күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөп, тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +15…+20, Талас жеринде +11…+16, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +16…+21, Ысык-Көл, Нарын облустарында +10…+15 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +16…+18, Ош шаарында +18…+20 градус болот.