Сөөк ашканада 9 күн жаткан. Жети-Өгүздө аялды өлтүрүүгө шектелген киши кармалды

Эркек киши сөөктү кийин таштанды жайга таштап койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Ысык-Көлдөгү Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында чогуу жашаган аялды мыкаачылык менен өлтүргөн деп 52 жаштагы киши кармалганын Ысык-Көл ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында аялды мыкаачылык менен өлтүргөн деп кармалган шектүү
Билдирмеге караганда, райондук милицияга таштанды жайынын жанында болжол менен 35-40 жаштагы аялдын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барып, анын өздүгүн аныкташкан. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен 37 жаштагы келин киши колдуу болгону далилденген.
Факт Жети-Өгүз РИИБдин бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча иш козголгон.
"Тергөөдө кылмышка шектелип ошол эле айылдын 52 жаштагы тургуну кармалган. Ал окуя кандай болгонун айтып берген. Шектүү каза болгон аял менен чогуу жашап келгенин, ошол күнү экөөнүн ортосунда пикир келишпестиктен уруш чыгып, ал аялды башка балка менен чаап, мойнун толгоп өлтүргөнүн моюндаган. Кийин сөөктү ашканада тогуз күн кармап, андан соң үйүнүн жанындагы таштанды жайга жакын бактын түбүнө таштап салганын айткан", — деп жазылат кабарда.
Жети-Өгүз райондук сотунда анын баш коргоо чарасы каралып, эки айга камалганы кошумчаланды. Тергөө амалдары уланууда.
Аялын өлтүрдү деген Казакстандын экс-министри окуя боюнча көрсөтмө берди. Видео