БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Аялдарга жашыруун төрөп, ымыркайын беби-бокска таштап кетүүгө мүмкүнчүлүк түзөбүз. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентте билдирди.
Депутат Элвира Сурабалдиева буга чейин ымыркайларды ташталган жеринен тирүү таап жатышса, кечээ Сокулукта бирөөнүн сөөгү табылганын билдирди. Мындан улам ал өкмөт мындай окуяларды алдын алуу үчүн кандай чара көрүп жатканын сурады. Көйгөйдү чечүүнүн бир жолу катары беби-бокстарды уюштурууга чакырды.
"Балдарга жакшы түшүндүрүп жеткире албай жатат окшойбуз. Ким келсе да (төрөтканага) төрөгөнгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Купуя болсун десе жашыруун кылып коёбуз. Анан беби-бокстарды сатып алып коюп койгула деп айттым эле, бул жаатта иштейбиз", — деди өкмөт башчы.
Беби-бокс — төрөтканада көз жарган аял өзү жөнүндө маалыматты жашырып, наристесин калтырып кетүүгө ылайыкталган ящик.