Муктаждарга гана берилет. Жалал-Абадда алты жерде ипотекалык үйлөр курулууда

Президенттин иш башкаруучусу борбор калаада эле эмес, аймактарда да ипотекалык үйлөр куруларын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Жалал-Абадда алты жерде ипотекалык үйлөр курулууда. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.
1 / 2

Жалал-Абадда алты жерде ипотекалык үйлөр курулууда. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди

2 / 2

Маалыматка ылайык, аларда 2 744 батир болмокчу

Маалыматка ылайык, аларда 2 744 батир болмокчу.
"Бүгүнкү күндө курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Тааныш-билишти салып эч ким алдыңкы кезекке тура албайт, колунда барларга үч-төрттөн батир алганга жол бербейбиз", — деп жазган ал соцтармактагы баракчасына.
Ошондой эле ал ипотекалык үйлөр чыныгы муктаждарга берилерин кошумчалаган.
Президенттин Иш башкармалыгы Мамлекеттик ипотекалык компаниянын акционери болду