Кыргызстан ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин 67 жаранына пенсия төлөп жатат

2021-жылы ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсия менен камсыздоо жөнүндө макулдашуу күчүнө кирген.
Sputnik
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Кыргызстан ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин 67 жаранына пенсия чегерип, төлөп келүүдө. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.
Маалыматка ылайык, макулдашуу боюнча Кыргызстандын, Казакстандын, Россиянын, Армениянын жана Беларустун жарандары ЕАЭБ аймагында эмгекчи болуп саналат.
"Азыркы тапта Социалдык фонд ЕАЭБдин 67 жаранына пенсия чегерүүдө. Анын ичинен 58и Россия Федерациясынын, 8и Казакстандын, бирөө Беларустун атуулу", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Россия Кыргызстандын 34 жаранына пенсиянын бир бөлүгүн дайындаганы кошумчаланды.
ЕАЭБдеги технологиялык долбоорлор үчүн ири сынак жарыяланды