Лариса Долинанын академиясы алты өлкөнүн музыканттары үчүн окутуу өткөрөт

Иш-чара Россотрудничествонун колдоосу менен уюштурулуп жатканы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. РФ эл артисти Лариса Долинанын музыкалык академиясы Кыргызстан, Өзбекстан, Беларусь, Армения жана Казакстандын вокалисттери жана педагогдору үчүн интенсивдүү окутуу өткөрөт. Бул тууралуу Россотрудничестводон билдиришти.
Маалыматка ылайык, академиянын устаттары музыка мугалимдери жана вокалисттер үчүн мастер-класстар, жеке консультацияларды өтөрү айтылган.
Белгилүү болгондой, окуу 16сынан 20-июлга чейин жүрөт. Ал эми 20-июлда Беларустун президенттик оркестринин коштоосунда гала-концерт тартууланмакчы.
Аталган окутууга катышуу үчүн 2024-жылдын 15-апрелине чейин вокалисттер жана педагогдор тапшырык бере алат.
Кыргызстандыктар Россияда аспирантурага тапшыра алат. Жол-жобосу