БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен кандай мамиледе экенин айтып, анын бул кызматта кармалып турган себебин түшүндүргөн.
Журналист Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун Алымкадыр Бейшеналиев президенттин ишенимине кирип алып туура эмес иштерге барып жатат деп айтканын эске салып, достук мамилеңер барбы деп сураган.
"Досум да эмес, "братым-сватым" да эмес. Жөн гана жакшы иштеген, коррупция менен ууруларга каршы күрөшүүдө тайманбаган министр болгону үчүн кармап жүрөм. "30 жылдан бери министрликте уюп калган коррупциялык системаны талкалап жок кыласың, карапайым эл үчүн жакшы шарттарды түзүп бересиң" деп шарт койгом. Колунан келишинче аткарып жатат. Мен бул эле министрди коргоп жаткан жокмун. Коррупцияга каршы күрөшкөн, уурулукту токтоткон бардык министрлерди коргойм", — деген Жапаров.
Өлкө башчы эгер министр коррупцияга аралашкан болсо, анысы далилденсе жазаланарын белгилеген. Ошондой эле депутат айткандай, Дубайдагы, Түркиядагы үйлөрүн акыркы үч жылда алганы далилденсе алар конфискацияланарын кошумчалаган. Президенттин айтымында, 2020-жылга чейин Алымкадыр Бейшеналиевдин чет жактарда батирлери жок болчу.
Жусупбек Коргонбай уулу саламаттык сактоо министри кылмыштуу топтун мүчөлөрүн, соттолгон адамдарды кызматка дайындап жатканын билдирген. Ал коррупциялык схема түзүп, министр кезинде ондогон мүлккө ээ болуп мыйзамсыз байыганын айтып, мындан улам министрликти текшерип чыгууну сунуштаган. Бейшеналиев депутаттар айтып жаткан Дубайдагы батир табылса, аларга белек кыларын айткан. Кийин Коргонбай уулу Бейшеналиевди текшерчү комиссиядан чыгып, башкасы түзүлмөй болгон.