Санкциялар Россиянын нефть экспортун кандай өзгөрттү. Инфографика

2022-жылдан тарта Батыш Россияда өндүрүлгөн мунайга санкция киргизди. Анткен менен аталган мамлекеттин нефть экспорту Батыш үмүттөнгөндөй төмөндөп кетпей, тескерисинче, рекорддук көрсөткүчтөрдү жаратты.
Sputnik
Россия достошкон өлкөлөрүнө санкциядан кийинки көлөмдү жөнөткөнүн жана өз ара пайда туурасында РФ өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Александр Новак айтып берген. Мунай жана мунай заттарын жылуу мамиледеги өлкөлөргө сатуу 2023-жылы 86дан 84 пайызга өскөн, ал эми 2021-жылы ал 40 жана 30 пайыз эле.
Жогорку киреше. РФ бюджетинин 2023-жылдагы нефть, газдан түшкөн кирешеси 8,82 триллион рубль болуп, мерчемделген деңгээлден 822 миллиардга көп түшкөн. Россиянын Финансы министрлиги быйыл да 30 пайызга өсүп, пайда 11,5 триллион рублге чыгат деп күтүүдө.
Санкциялар кесепетин тийгизе алган жок. Батыш тараптан коюлган чектөөгө карабастан, мунай сатуусун Россия былтыр 2021-жылдагы 231 миллиондон 234,3 миллион тоннага чейин өстүрдү. Экспортунун жаңы рынокторго — Азия-Тынч океан аймагына кеткен көлөмү 80 пайыздан ашты.
Санкция Россияны алсырата алган жок. Инфографика