БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Кыргызстандыктар Россиянын жогорку окуу жайларына тапшырарда мурда медицина тармагын көп тандаса, азыр маалыматтык технология факультеттерине көп тапшыра башташты. Бул тууралуу Евразия кызматташтык уюмунун долбоордук жетекчиси, иш-чаранын уюштуруучусу Дмитрий Данилов Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн брифингде билдирди.
"Акыркы бир-эки жылдан бери IT, программалоо жана технология жаатындагы кесиптер Россиянын бардык шаарларында абитуриенттер арасында тренд болууда. Бул жерде дүйнөнүн бардык жеринде иштөөгө мүмкүнчүлүк түзгөн кесиптин универсалдуулугу маанилүү роль ойнойт. Мындан тышкары, экономика, дизайн, юриспруденция адистиктери да суроо-талапка ээ", — деген ал.
Ал Бишкекте Евразиялык билим берүү көргөзмөсү өтүп жатканын айтып, билим берүү уюмдары программаларды, окутуу жана тапшыруу шарттарын, ошондой эле ишке орношуу жана практикадан өтүү мүмкүнчүлүктөрүн сунуштоо үчүн жакшы аянтча экенин кошумчалаган.