Евразия уюму Россиянын кайсы университетине акысыз тапшырса болорун маалымдады

Евразиялык билим берүү көргөзмөсүнүн уюштуруучусу россиялык ЖОЖдордо бюджеттик орундар көбүрөөк экенин билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Бишкекте Евразиялык билим берүү көргөзмөсү өтүп жатканын Евразия кызматташтык уюмунун долбоордук менеджери, иш-чаранын уюштуруучусу Дмитрий Данилов Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборундагы брифингде билдирди.
Анын айтымында, көргөзмө бирдиктүү аянтча болуп саналат. Анда билим берүү уюмдары программаларды, окутуу жана тапшыруу шарттарын, ошондой эле ишке орношуу жана практикадан өтүү мүмкүнчүлүктөрүн сунушташат.
Евразия кызматташтык уюмунун долбоордук менеджери, иш-чаранын уюштуруучусу Дмитрий Данилов
"Иш-чара Кыргызстандын бир катар шаарларында өтүп жатат. Көргөзмө март айында Ошто, Өзгөндө, Кызыл-Кыяда, андан кийин Жалал-Абадда болгон. Учурда Бишкекте өтүүдө, андан кийин Токмок, Балыкчы жана Караколдо уюштурулат. Бардык жерде материалдык-техникалык базасы жакшы университеттер көрсөтүлгөн. Бул окуу жайлар бюджеттик негизде студенттерди кабыл алууга даяр. Негизи эле Россиянын ЖОЖдорунда бюджеттик орундар көбөйүүдө. Университеттин жашоосуна активдүү катышкан студенттер стипендия алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ", — деди Данилов.
Коомдук транспорт үчүн студенттик карталарды киргизүү каралууда