БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Польшанын тышкы иштер министри Радослав Сикорский НАТО өлкөлөрү Украинада биргелешкен миссия түзгөнүн билдирди. Анын Брюсселдеги айткандарын Польшанын телевидениеси көрсөткөнүн РИА Новости жазды.
"Биз НАТОнун миссиясын түзүүнү чечтик. Бул биз согушка катышабыз дегенди билдирбейт. Ал НАТОнун координациялык, окутуу, пландаштыруу мүмкүнчүлүктөрүн Украинаны колдоо үчүн пайдалана алабыз дегенди билдирет", — деген министр.
Сикорский украиналык аскерлер Польшада активдүү окутуларын айткан.
Кечээ польшалык министр Брюсселде өткөн НАТО өлкөлөрүнүн ТИМ башчыларынын жолугушуусунда Украинада аскердик эмес миссияны түзүү планын билдирген. Чиновник бул "украиналыктарды окутууга альянстын ресурстарын, анын логистикасын жана биздеги башка жалпы элементтерди колдонууга мүмкүндүк берет" деп айткан.
Москва НАТО өлкөлөрү өз аймагында украин аскерлерин машыктырып, курал-жарак менен камсыз кылып, эчак эле жаңжалдын түздөн-түз катышуучусу болуп калганын бир нече жолу белгилеген.