Нарында дрон курап чыгара турган завод курулары айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Нарында дрон чыгарган завод курулат. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады.
1 / 4

Нарында дрон чыгарган завод курулат

2 / 4

Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады

3 / 4

Билдирмеге караганда, Бишкекте Кыргызстан менен Кытайдын ишкерлери ортосунда "Кыргызстан – Кытай (СУАР)" бизнес-форуму өтүп, анда энергетика жана тоо-кен тармактары боюнча 1 миллиард 151 миллион доллар суммасындагы жети документке кол коюлган

4 / 4

Завод жакын арада салынып баштаары кошумчаланды

Билдирмеге караганда, Бишкекте Кыргызстан менен Кытайдын ишкерлери ортосунда "Кыргызстан – Кытай (СУАР)" бизнес-форуму өтүп, анда энергетика жана тоо-кен тармактары боюнча 1 миллиард 151 миллион доллар суммасындагы жети документке кол коюлган.
"Иш-чаранын алкагында Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Кытайдын Zhongtian Zhicontrol Technology Holding Co., Ltd. компаниясынын ортосунда Нарында дрон курап чыгаруучу завод куруу боюнча меморандум түзүлдү", — деп жазылат маалыматта.
Завод жакын арада салынып баштаары кошумчаланды. Бул долбоор "Нарын эркин экономикалык аймагы" менен "Кашгар комплекстүү боналык зонасынын" ортосундагы "Эки өлкө, эки парк" кызматташуу демилгесинин алкагында ишке ашмакчы.
Быйыл өлкөдө 100 өнөр жай, 100 социалдык объект ачылат