Мэрия элди көчөт отургузууга чакырып, дарактардын түрүн сунуштады

Көчөттөрдү өз алдынча же "Бишкек жашыл курулуштун" питомнигинен сатып алса болот.
Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Мэрия Бишкек шаарынын тургундарын көчөт отургузууга чакырып, сунушталган бак-дарактын түрүн атады.
Калаа башкармалыгынын маалыматына ылайык, шаарды жашылдандыруу үчүн карагай, гледичия, эмен, зараң (клен) жана липа дарактарын отургузуу сунушталат. Бул — Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бак илим-изилдөө институту менен "Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасынын адистеринин кеңеши.
Мэрия көчөттөрдү өз алдынча же Профессор Зима көчөсү, 82 дарегинде жайгашкан "Бишкек жашыл курулуштун" питомнигинен сатып алууга болорун билдирди.
Дарактарды шаардын кайсы жерине отургузууга болорун 0312 37-53-30 же 0701 321 014 телефондору аркылуу сурап-билүүгө болот.
Айлананы тазалайлы! Мэрия шаардыктарды ишембиликке чакырды