Коргонбай уулу Бейшеналиевди текшерчү комиссиядан чыгып, башкасы түзүлмөй болду

Демилгечи депутат иликтөөгө нейтралдуу парламентарийлер тартылышы керектигин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Жусупбек Коргонбай уулу Саламаттык сактоо министрлигин текшере турган депутаттык комиссиянын курамынан чыкты.
Ал бул иште кызыкчылыктар кагылышы болууда деген ой жаралбашы үчүн Алымкадыр Бейшеналиевдин ишмердүүлүгүн нейтралдуу парламентарийлер иликтеши керектигин айтты. Ошондой эле комиссиянын курамына жалаң түштүк регионунан шайланган депутаттар кирип калганы боюнча сын айтылганын белгилеп, балансты кармоо үчүн башкаларын кошууга чакырды.
Натыйжада комиссия кайрадан түзүлмөй болду.
Кечээ Коргонбай уулу Бейшеналиев кылмыштуу топтун мүчөлөрүн, соттолгон адамдарды кызматка дайындап жатканын билдирген. Ал коррупциялык схема түзүп, министр кезинде ондогон мүлккө ээ болуп мыйзамсыз байыганын айтып чыкты. Мындан улам министрликти текшерүү үчүн 8 депутаттан турган комиссия түзүлгөн.
Андан мурунку жыйында дагы Коргонбай уулу министрди сындап чыккан, андан соң Бейшеналиев депутатты сотко берген болчу.
"Дубайда үйүм болсо кана?" Алымкадыр Бейшеналиев депутатка жооп берди