Коомдук транспорт үчүн студенттик карталарды киргизүү каралууда

Борбор калаада транспорттук картанын түрлөрүн көбөйтүү, акысыз жүрүүчүлөрдүн санын жана жеңилдик менен жүрүү убактысын өзгөртүү мерчемделип жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Бишкекте студенттерге коомдук транспортто жүрүүдө жеңилдик берүү максатталууда. Тийиштүү ченемдик-укуктук акт мэрия тарабынан коомдук талкууга чыгарылды.
Белгилүү болгондой, учурда "Тулпар" карталарындагы жеңилдетүүлөрдү окуучулар жана пенсионерлер гана колдоно алат.
"Учурда коомдук транспортто жүрүү үчүн стандарттуу күндүк, жумалык жана жылдык жол жүрүү карталары, ошондой эле студенттик карталар жок. Ошондуктан жумушчу топ тарабынан аларды киргизүү каралууда", — деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле мэриянын дарегине күч структураларынын пенсионерлерине коомдук транспортто жүрүүдө жеңилдиктерди берүү боюнча кайрылуулар келип түшкөнү белгиленди. Бул категориядагы адамдар үчүн жол кирени арзандатуу же акысыз кылуу боюнча маселе жумушчу топ тарабынан карала турганы кошумчаланган.
Бишкектин борбордук көчөлөрүнөн маршруткалар алынат. Тизме