Кыргызстандын Санкт-Петербургдагы консулдугунун дареги өзгөрдү

Sputnik
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Санкт-Петербург шаарындагы Башкы консулдугунун дареги өзгөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, консулдук 1-апрелден тарта Фонтанка көчөсү, 50 дарегинде иштөөдө.
"Консулдук-укуктук жардам көрсөтүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык документтерди тариздөө, ошондой эле Түндүк-Батыш федералдык округунда жүргөн мекендештердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн жогоруда көрсөтүлгөн дарекке кайрылууну өтүнөбүз", — деп жазылат маалыматта.
Кошумча маалыматтарды тактоо үчүн консулдуктун +7-962-688-25-06; +7-929-128-05-08; +7-929-157-05-08; +7-812-418-24-22 номерлери аркылуу кайрылууга болот.
Россиянын Казань шаарында Кыргызстандын консулдугу ачылды. Дарек, телефондору