Бишкектин көчө кесилиштерине чакмак жол чийиндер пайда болот

Көчө кесилишине эреже бузуп чыга калган айдоочуларды тартипке салуу үчүн Бишкекте жаңы жол чийиндер пайда болот.
Sputnik
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Бишкектин көчө кесилиштерине чакмак жол чийиндер чийилүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
1 / 3

Бишкектин көчө кесилиштерине чакмак жол чийиндер чийилүүдө

2 / 3

Маалыматка ылайык, жол эрежеси негизинен кесилиштерде бузулары атайын жүргүзүлгөн мониторингде билинген

3 / 3

Мындан улам тыгындарды азайтуу максатында төмөнкү көчөлөрдүн кесилиштерине чакмак жол чийиндер чийилет

Маалыматка ылайык, жол эрежеси негизинен кесилиштерде бузулары атайын жүргүзүлгөн мониторингде билинген. Мындан улам тыгындарды азайтуу максатында төмөнкү көчөлөрдүн кесилиштерине чакмак жол чийиндер чийилет:
Манас — Чүй;
Манас — Киев;
Манас — Токтогул;
Манас — Москва;
Манас — Бөкөнбаев;
Чүй — Тоголок Молдо;
Исанов — Токтогул.
Азыркы тапта бул белги Токтогул — Исанов көчөлөрүнүн кесилишине түштү.
Эреже боюнча, чакмак чийинде унаа 5 секунддан ашык туруп, башкалардын жолун тоспошу керек. "Коопсуз шаардын" камералары эреже бузгандарды тартат. Бирок жөө кишини же солго бурула турган каршы тилкедеги унааны өткөрүү үчүн токтогонго уруксат берилет.
Коомдук транспорт үчүн студенттик карталарды киргизүү каралууда