Бул калааны бошотуу Россиянын Куралдуу күчтөрү үчүн маневрларды ээн-эркин жасап, чабуул коюуну жакшыртууга бир нече багыттарды ачып бермекчи. Абалга аскердик баяндамачы Александр Хроленко сереп салган.
Россия аскерлери Часов Ярдын чыгыш тарабында согушуп, украин күчтөрүнүн логистикасы менен коргонуусун чекесинен талкалоодо. Украинанын Куралдуу күчтөрү үчүн шаар стратегиялык маанилүү аймак болуудан калып бара жатат. Часов Ярды бошотуу россиялык армияга жогоруда айтылгандай маневрларды эркин жасоону камсыздап, Н20 (Славянск – Мариуполь) автотрассасындагы "тизилген" Константиновка, Краматорск, Славянск жана башка калктуу жайларга киришине жол ачат. Украина армиясы шаар менен айылдарда гана коргонуп, ал эми айдың жерлерде — талаа-түздө Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн соккусуна кабылууда.
Россиянын коргоо министри Сергей Шойгунун маалыматына таянсак, 2024-жылы РФтин жаңы аймактарынын 400 чарчы чакырымдан ашыгыраак жери бошотулган. Чакан Часов Яр Артемовскиден беш чакырым аралыкта, батыш тарапты көздөй кеткен дөңсөөдө жайгашкан. Ал аталган аймактын борбору менен шаардын чыгыш тараптагы чет жакасынын бийиктиги 100 метрге жакын. Бул Часов Яр үчүн коргонууга ыңгайлуу, себеби айлана-тегерек бир нече чакырымга чейин алаканга салгандай даана көрүнөт. Көзүр жерди колдон чыгарып жиберүү украин армиясын чектешкен жерлерден: Николаевка, Чернов, Новодмитровка жана Константиновкадан алыстоого аргасыз кылат. Андай боло турган болсо россиялык армия үчүн Донбасстагы Украина Куралдуу күчтөрүнө тиешелүү штабдардын бири жайгашкан Краматорскиге кирүү үчүн жакшы плацдарм болмокчу. РФтин Куралдуу күчтөрүнүн мындан ары чабуул жасоодогу башкы багыттары — көп багыттуу маневрлар. Украина аскерлеринин бардык багыттарынын келечеги күмөн болуп турат. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн генералы Сергей Кривонос Часов Яр районундагы кырдаалга "кыйын эле болууда" деген аныктамасын берген.
Мартта Россия армиясы Украинадагы энергоструктураларга, аскердик объектилерге таамай тийген куралды колдонуп, тобу менен 190 жана массалык түрдө эки ирет сокку урган. Владимир Зеленский мартта Россиянын Куралдуу күчтөрү украиналык армияга каршы 400 ракета, сокку урган пилотсуз 600 техника жана башкарыла турган 3000 авиабомба колдонгонун айткан. Ажал бүрккөн мындай масштабдагы куралдарга украин армиясы менен НАТОнун каршы кое турган эч нерсеси жок. Жаматтык Батыш Киев талап кылган артиллериялык 4 миллион снаряд жана 2 миллион пилотсуз учак менен технологиялык жактан камсыздай албайт.
Politico басылмасы "мындай көлөмдөгү аскердик жардамдын пакетин АКШнын Конгресси колдогон күндө да запастарды массалык түрдө толтуруу согуш тааласындагы олуттуу апаатты алдын алууга жетишсиз болорун" белгилеген.
2024-жылдын өзгөчө жазы
Башкы штабдын маалыматтарында айтылбаса да украин армиясы күн сайын чегинип бара жатат. Европалык жана америкалык аналитиктер Россия бардык күчүн жана каражатын бир жерге топтоору менен Украина фронтунун күнү бүтөрүн айтышууда. Британиянын MI-6 чалгыны Киевге россиялык армия тараптан "фронттун бир нече тилкесинде" жайкы операциялардын алкагында жапырт ракеталык-бомбалык чабуул даярдалып жатканын эскертти. Бундесвердин отставкадагы полковниги Вольфганг Рихтер Deutsche Welle алган интервьюсунда "Украинанын Куралдуу күчтөрүнө согушта секирик жасалып кетпеши үчүн Россиянын армиясына жаңы шаарларды берүүгө туура келерин" айткан.
Батыштагы сергек ой жүгүрткөндөр, миллиардер жана "УККнын байланыш боюнча начальниги" Илон Маскты кошкондо "согуш канчалык узарып кетсе, Россия ошончолук көп жерлерди аларын" түшүнүп турушат. Америкалык мурдагы чалгычы Скотт Риттер Россия атайын операцияда адилеттүү жеңип чыгып Одессаны, Николаевди, Харьковду, Сумы менен Днепропетровскини бошоторуна ишеним артарын айткан.
Пентагондун мурдагы кеңешчиси Дуглас Макгрегор да божомолу менен бөлүшкөн. "Украинанын чыгыш бөлүгүнүн көбү менен Одесса, Харьков орустардын көзөмөлүнө өткөнү анык болуп калганда Россия сүйлөшө турган жактар калабы деген суроо жараларын" айткан. Эгерде европалык өкмөттөр позициясын өзгөртпөсө, "орустарда андан ары Батышты көздөй жүрүп отургандан башка жол калбайт". Бул үчүн өбөлгөлөр, саясий эрк, аскердик күч, россиялык экономиканын жана коргонуу өнөр жайынын дарамети жетиштүү.
Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу 2-апрелде Украина армиясы январдан тарта 80 миң аскеринен, 14 миң техникасынан, анын ичинен 1 200 танкасынан жана сооттолгон машиналарынан ажырагандыгын билдирген эле. Жайындагы контрчабуул ордунан чыкпай калгандан кийин украиналыктар башка чектерде күчтөнүүгө аракет кылып, бирок россиялык аскерлер аларды батыш багытында улам кысып келе жатат. Шойгу муну "каршылаштын согуштук дараметин төмөндөтүүнү улантып жатабыз" деп мүнөздөгөн.
Кыязы, жамааттык Батыштын Россия менен кыйыр согушунда стратегиялык жактан жеңилери, анын "гегемон" жана вассалдарына тие турган кесепети айныксыз факт болуп калды. Мунун фонунда Вашингтон украиналык согуш жүргөн жана дагы боло турган аймактан оолактап, НАТОнун өзүнөн "тарыхый масштабдагы саясий жаңылыштыкка" чейин жеткен улуттук коопсуздукка келген коркунучтарды байкап жатат.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 2-апрелде франциялык LCI телеканалынын журналисти менен маектешип жатып, Украина аймагында алардын Россия менен кагылышы АКШнын кызыкчылыгына туура келбестигин айткан жайы бар. Андан сырткары, "Украинада америкалык бир дагы жоокер болбостугун" кошумчалаган.
Агрессиялуу европалыктар менен бандерачыларга өзүлөрүнүн жана Американын катасы үчүн керт башы менен жооп берүүгө туура келет.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.