Бишкекте унаа тыгыны азайган жок, мэр эмнеге иштен кетпеди? А. Жапаровдун жообу

Министрлер кабинетинин төрагасы калаа башчысы сунуштаган механизмди айтып берди.
Sputnik
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. "Бишкек мэри үч айда унаа тыгыны көйгөйүн чечпесе иштен кетет дедиңиз эле, ал алты ай иштеп тыгынды кайра көйбөйтүп салды" деген депутат Русланбек Жакышев Акылбек Жапаровдон буга чейин берген убадасын сурады.
"Унаа тыгыны үч жылда чечилип калат. Мэр үч айлык мөөнөттө көйгөйдү чечүү механизмин бербесе кетет дегенбиз. Азыр берди. Мэриянын бюджетин 32 миллиард сомдун тегерегинде бекиттик. Каражаттын көбү унаа тыгынын чечүүгө жумшалат. Шаардыктардан да ар бириңиздер бирден машина айдап чыкпасаңыздар деп суранат элек. Атасы, апасы, кызы, баласы төрт унаа айдап алып, төрт жерде тыгында турат", — деди өкмөт башчы.
Айбек Жунушалиев көйгөйдү чечүү үчүн кандай иш алып барууда:
8 жерден темир жолду кесип өтчү өтмөк куруп жатат;
эки эстакадалык көпүрө болмок эле, төртөөнү курууну сунуштады;
күндүзү шаарга жүк ташуучуларды киргизбөө;
айрым мектептерди саат 7:00дө ачып, чоң мекеме, ишканаларда ишти саат 10:00дө баштоо;
Россиянын бир чоң компаниясы менен да иштешип жатат.
Элге уят болбой... Акылбек Түмөнбаев депутаттарга тарап кетүүнү сунуштады