5-апрелге карата аба ырайы

5-апрелге караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. 5-апрелде республика боюнча күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй менен Баткенде +17...+22, Талас аймагында +15...+20, Ош жана Жалал-Абад облустарында +18...+23, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +10...+15 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +20...+22, Ош шаарында +21...+23 градуска чейин көтөрүлөт.
Бийлик Кыргызстанда катуу жер титирөөлөр болушу мүмкүндүгүн эскертти