Чогуу эс алган кыздарды опузалап акча алган деп чет өлкөлүк жаран кармалды

Шектүү алгач кыздар менен таанышып, жолугууга чакырып, андан соң аларды кылтакка илип жүргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо фактысы менен чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы маалымдады.
Билдирмеге караганда, жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында Бишкектен Египеттин Е.А.Р.С. аттуу 24 жаштагы жараны кармалды.
"Ал жаш кыздарды чогуу эс алууга чакырып, болуп жаткан бардык процессти (спирт ичимдиктерин, баңгизаттарды, интим жана башка) аудио-видеого жашыруун жаздырып, аларды интернетке жарыялайм деп опузалап акча талап кылган, андан ары сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге да барган", — деп айтылат маалыматта.
Факт боюнча УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренеси ("Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо") боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү 30-мартта Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына эки айга камакка алынды.
Учурда аталган жарандын мыйзамсыз аракеттеринен жапа чеккен башка адамдарды аныктоо иштери улантылууда.
Чаткалда кенде иштегендерге салык салган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды