ЕЭК министри: дүйнөлүк жүк ташуулар Азияга бет ала баштады

ЕЭК министри транспорттук коридорлорду түзүү жана өнүктүрүүнүн келечеги тууралуу айтып берди.
Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Дүйнөдө жүк ташуулар Чыгыш менен Азияга багыт ала баштаганы байкалууда. Бул тууралуу ЕЭКтин транспорт жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев Москва экономикалык форумунда билдиргени уюмдун сайтында маалымдалды.
"Жүк ташуу агымынын Чыгыш менен Азияга бурула баштаганы байкалууда. Ошондуктан биздин өлкөлөрдөн өткөн эл аралык транспорт коридорлору башкача кабылдана баштады", — деди Кожошев.
Ошондой эле ЕЭК министри евразиялык транспорт коридорун өнүктүрүү максатында комплекстүү план кабыл алынып, долбоорлордун тизмеси бекитилгенин белгиледи. Анын айтымында, Чыгыш — Батыш жана Түндүк — Түштүк багытында транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү, анын ичинде Кытайдын "Бир алкак — бир жол" демилгеси менен айкалыштыруу маселеси боюнча тийиштүү доклад жыл сайын биримдиктин өкмөт башчыларынын кароосуна жиберилет.
Министр ЕАЭБде учурда жүк ташуулардын заманбап ыкмаларын өнүктүрүү боюнча документтер иштелип чыгып жатканын айтып, транспортту өнүктүрүү жана өлкөлөрдүн экономикалык туруктуулугун камсыз кылуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылганын кошумчалаган.
Пресс-борбор
Эксперт: ЕАЭБ транспорт маселелерине чоң көңүл бурат