Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт

Киев Россияда улуттар аралык кастыкты козутуп жатканын моюнга алды

Украиналык агенттер Telegram-чаттарда улуттарды бири-бирине каршы коюп жатканын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. "Крокус сити холлдогу" терактыдан кийин Украинанын атайын кызматы Россиядагы улуттар аралык кастыкты жана антимигранттык маанайды козутуу операцияларын жүргүзүүдө. Бул тууралуу британиялык The Times гезитине Украинанын Коопсуздук кеңешинин маалымат борборунун башчысы Андрей Коваленко айтып берген.
Ал билдиргендей, украиналык агенттер россиялык Telegram-чаттарга түрдүү улуттагы адам катары кирип, этникалык топторду бири-бирине каршы коюуда.
"Биз үчүн улуттар ортосундагы жаракаларды маалымат аркылуу күчөтүү пайдалуу", — деген ал.
Мындан тышкары, украиналык борбор террорчулардын кармалган видеосу интернетке тарагандан кийин Борбор Азиянын жарандары кирген топтордо өздөрүнө тилектештикти күчөтүүгө жана аларды РФтин атайын кызматына каршы үндөгөн.
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
Москва Киевден терактыга катышы барларды камоону талап кылды