Ташиев Ш.Сыдыков атындагы колледжге жаңы спорт зал куруп берүүнү убадалады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы колледждин жамааты менен жолугуп, окуу жайдын абалы менен таанышты.
Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорт колледжине барды. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
Атайын кызматтын башчысы курулуп жаткан спорт колледжинин футбол аянтчасынын абалы менен таанышып, бул жерде заманбап талаптарга жооп берген кошумча шарттарды түзүүнү убада кылган.
1 / 4

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорт колледжине барды

2 / 4

Атайын кызматтын башчысы курулуп жаткан спорт колледжинин футбол аянтчасынын абалы менен таанышып, бул жерде заманбап талаптарга жооп берген кошумча шарттарды түзүүнү убада кылган

3 / 4

Ташиев колледждин айланасындагы эс алуу паркын көрктөндүрүүгө жана эски футбол аянтчасын реконструкциялоого (жүргүзүүчү аянтчаны резина менен жабуу жана керегелерди жаңылоо) көмөктөшө турганын айтты

4 / 4

Ал колледждин кызматкерлерине Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу турак жай сатып алууга, ошондой эле грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү үчүн кошумча спорт зал куруп берүүнү убадалады

Ташиев колледждин айланасындагы эс алуу паркын көрктөндүрүүгө жана эски футбол аянтчасын реконструкциялоого (жүргүзүүчү аянтчаны резина менен жабуу жана керегелерди жаңылоо) көмөктөшө турганын айтты.
Ал колледждин кызматкерлерине Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу турак жай сатып алууга, ошондой эле грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү үчүн кошумча спорт зал куруп берүүнү убадалады.
Колледж 1971-жылы балдар үйүнүн базасында Н.Крупская атындагы спорт адистиги боюнча республикалык жалпы билим берүүчү спорттук мектеп-интернаты (РОШИСП) катары түзүлгөн. Бул жерден Олимпиадага спортчулар: Канат Бегалиев, Руслан Түмөнбаев, Данияр Көбөнов, Арсен Эралиев, Акжол Махмудов, Эрназар Акматалиев, Айсулуу Тыныбекова жана Айпери Медет кызы даярданышкан.
Садыр Жапаров Бишкектин четиндеги футбол комплексинин курулушун көрдү. Сүрөт