Суу ресурстары кызматына быйыл 366 млн. сомдук техника алынат

Техника сатып алуу үчүн тийиштүү компаниялар менен келишимдер түзүлгөнү белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Айыл чарба министрлигинин алдындагы Суу ресурстары кызматына 115 атайын техника алынат. Бул тууралуу Финансы министрлигинен маалымдашты.
Маалыматка ылайык, жалпысынан техника сатып алууга былтыр 1 миллиард сом каралган. Анын 200 миллион сому былтыр каржыланса, быйыл 366,7 миллион сому бөлүнөт. Ал эми келе жаткан эки жылда калган 433,3 миллион сому берилет.
Буга төрт жылдын ичинде жүктөгүчтөр, экскаваторлор, тракторлор жана башка жалпы 104 жана саркынды сууларды чыгарууга 11 техника алынары кошумчаланды.
Оштун автопаркы оор техника, жеңил автоунаа жана автобустар менен толукталды