"Русский дом" Оштогу мектеп-интернаттарга атайын китептерди тапшырды

Китептер Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан сунушталып, мектеп-интернаттардын буйрутмасы менен алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Оштогу мектеп-интернаттарга атайын окуу-усулдук колдонмолор жана балдар үчүн китептер берилди. Бул тууралуу Россиянын Ош шаарындагы илим жана маданият борборунан ("Русский дом") билдиришти.
1 / 3

Оштогу мектеп-интернаттарга атайын окуу-усулдук колдонмолор жана балдар үчүн китептер берилди

2 / 3

Маалыматка ылайык, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга ылайыкталган 1 894 китеп Ош шаарындагы №12 мектеп-интернатка жана Кара-Суудагы дүлөйлөр үчүн атайын мектеп-интернатына тапшырылган

3 / 3

Китептерди тапшыруу Аутизм жөнүндө маалымат таратуунун дүйнөлүк күнүнө карата уюштурулду. Бул окуу китептер, көркөм адабияттар жана окууга керектүү сөздүктөр мектептерге мурдатан берилген буйрутманын негизинде алып берилди

Маалыматка ылайык, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга ылайыкталган 1 894 китеп Ош шаарындагы №12 мектеп-интернатка жана Кара-Суудагы дүлөйлөр үчүн атайын мектеп-интернатына тапшырылган.
"Китептерди тапшыруу Аутизм жөнүндө маалымат таратуунун дүйнөлүк күнүнө карата уюштурулду. Бул окуу китептер, көркөм адабияттар жана окууга керектүү сөздүктөр мектептерге мурдатан берилген буйрутманын негизинде алып берилди", — деп айтылат маалыматта.
"Русский дом" Кыргызстандын түштүгүндөгү мектептерге 2017-жылдан бери китеп берип келет. Бардык окуу куралдар Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан сунушталат.
Кыргызстан Минскиде өтүп жаткан эл аралык китеп жарманкесине катышууда