Радио

Ветеринардык кызмат мал эмдөөнүн жүрүшү тууралуу айтты

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария кызматынын эпизоотиялык анализ жана тобокел бөлүмүнүн башчысы Абай Казаков өлкөдө эпизоотияга каршы жазгы эмдөө иш-чаралары жүрүп жатканын айтты.
Sputnik
Сырттан алып келинүүчү вакциналардын техникалык спецификациясы ветеринарлар жана илим-изилдөө институттарынын адистери менен биргеликте түзүлөт. Бул тууралуу Алмабек Айдакеев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда Кыргызстанда эпизоотиялык абал туруктуу.
"Азыр жугуштуу оорулардын эпизоотиялык абалдын туруктуулугун сактоо максатында 875 миң баш малга дарылоо иштери жүргүзүлдү. Анын ичинен диагностикалык изилдөөлөр 67 миң, ал эми алдын ала эмдөөлөр 790 миңге жетти. Жүргүзүлгөн диагностикалык изилдөөлөрдүн негизинде аныкталган жугуштуу ылаңдар ветеринардык-санитардык талаптардын негизинде жок кылынып жатат. Жаныбарлардын саламаттыгы боюнча дүйнөлүк уюм менен бирге иш алып барган референс лабораториялардын сертификаты берилген гана биологиялык каражаттар сатып алынат. Вакциналарды сатып алууда тендерде ветеринардык талаптарга жооп бериши керек деген шарт коюлат", — деди Казаков.
Ал вакциналарды жер-жерлерде ветеринарлар термочемодандарга гана сакташы керектигин кошумчалады.