Кыргызстанда орус кинофестивалы өтөт

Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. 11-апрелден 14-апрелге чейин Бишкек жана Ош шаарларында Россиянын Маданият министрлигинин жана Кинофондунун колдоосу менен орус кинофестивалы өтөт.
РФ маданият министри Ольга Любимова белгилегендей, фестивалда түрдүү жанрдагы эң мыкты тасмалар көрсөтүлөт (фантастика, үй-бүлөлүк комедия, масштабдуу космостук драма, кырсык жана аскердик тарыхый кино).
"Кыргызстан биз үчүн маанилүү маданий өнөктөш, анын ичине кино жааты да кирет. Евразиядагы киноиндустриядагы кызматташтыктын чыңдалышын кубаттайбыз. Россия менен Кыргызстан бир катар ийгиликтүү тасмаларды биргеликте тартып жатат", — деди Любимова.
"Русский дом" Оштогу мектеп-интернаттарга атайын китептерди тапшырды