Кыргызстан Ирандын консулдугуна жасалган чабуулга тынчсыздануусун билдирди

Республика тараптарды эл аралык укуктун нормаларына таянып жаңжалды чечүүгө үндөгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Кыргызстан Сириядагы Ирандын консулдугуна жасалган, адам өлүмүнө алып келген ракеталык чабуулдарга тынчсыздануусун билдирет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта айтылат.
"Кыргызстан тараптарды эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана нормаларына, биринчи кезекте БУУнун Уставына ылайык тынчтык жолу менен чыр-чатакты чечүүгө чакырат", — деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Сириядагы Ирандын консулдугуна Израиль ракеталык чабуул жасаганы маалымдалган. Натыйжада ирандык генералдар, офицерлер жана сириялык, ливандык жарандар каза болгон.
ЖМК: АКШ Иранга каршы жашыруун операция жасоону караштырып жатат