БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. 7-апрелде Бишкекте велосезондун ачылышына байланыштуу айрым көчөлөр жабылат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, веложүрүшкө каттоо саат 09:00дөн 09:45ке чейин жүргүзүлөт.
Жүрүш саат 10:00дө "Ден соолук" сейил багынан башталып, Масалиев көчөсү аркылуу Байтик баатыр көчөсүнө чейин барат. Спортчулар андан Чүй проспектине чейин жетип, иш чара "Ала-Тоо" аянтында жыйынтыкталат.