Бишкекте кара карлыгачтар көбөйүп, топ-тобу менен уя салып жатат. Алар негизи аскаларда уялап келсе, акыркы мезгилдерде бийик кабаттуу үйлөрдү байырлап жатканын Сейитказы Сагынбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кара карлыгачтар курт-кумурска менен тамактанып, алардын көбөйүшү зыян алып келбейт.
"Бишкекте кара карлыгачтардын саны көбөйүп, топ-тобу менен уя салып жатат. Буга чейин аскаларда уялап келсе, акыркы мезгилдерде бийик кабаттуу үйлөрдү байырлоодо. Кара карлыгачтар курт-кумурска менен тамактанып, көбөйүшү зыян алып келбейт. Ошол эле учурда ири шаарлардагы инфраструктуранын өзгөргөнүнө байланыштуу канаттуулардын саны азаюуда. Тамактанууга шарт азайып, башка жактарга учуп кетүүгө мажбур болушту. Совет мезгилинде Бишкек жашыл шаар деп саналып, канаттуулардын түрлөрү арбын эле. Адамдардын эсебинен жан баккан канаттуулар көбөйүп жаткандыктан аларга ыңгайлуу шарт түзүп уя салуу иштерине да көңүл буруу керек", — деди Сагынбаев.
Ошондой эле адис карлыгачтар кыштоо үчүн Индия, Африкага кетип, күн жылыганда уялоо үчүн Кыргызстанга келерин кошумчалады.