Бишкекте өлкөнүн тигүү тармагын өнүктүрүүгө багытталган ири форум өттү. Сүрөт

"Bee-Together Кыргызстан" көргөзмө-платформасы тигүү ишканалары үчүн буйрутма жана кардарды, ал эми дүң жана чекене кийим бренддери үчүн фабрикаларды табууда эң сонун аянтча болуп жатканы белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Бишкекте Кыргызстандын жеңил өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө багытталган эл аралык ири форум өттү.
1 / 5

Бишкекте Кыргызстандын жеңил өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө багытталган эл аралык ири форум өттү

2 / 5

Иш-чараны "Евразиялык бизнес-клуб" ассоциациясы Россиянын мода индустриясынын катышуучуларынын ассоциациясы менен биргеликте Кыргызстандын Экономика министрлигинин жана Тышкы иштер министрлигинин колдоосунда уюштурган

3 / 5

Ага 200дөй адам чогулган. Көпчүлүк бөлүгүн тигүү тармагындагы ишкерлер, эл аралык жана россиялык бренддердин, кийим-кече дүкөндөрүнүн өкүлөрү, маркетплейс селлерлери, байерлер түзгөн

4 / 5

Форум жеңил өнөр жай тармагындагы аутсорсинг боюнча эл аралык "Bee-Together Кыргызстан" көргөзмө-платформасынын алкагында уюштурулду

5 / 5

Bee-Together — Россия жана КМШнын жеңил өнөр жай тармагындагы эң ири B2B платформасы. Ал фабрикаларды потенциалдуу кардар болгон бренд, ритейлер, корпоративдик кардарлар менен байланыштырат

Иш-чараны "Евразиялык бизнес-клуб" ассоциациясы Россиянын мода индустриясынын катышуучуларынын ассоциациясы менен биргеликте Кыргызстандын Экономика министрлигинин жана Тышкы иштер министрлигинин колдоосунда уюштурган. Ага 200дөй адам чогулган. Көпчүлүк бөлүгүн тигүү тармагындагы ишкерлер, эл аралык жана россиялык бренддердин, кийим-кече дүкөндөрүнүн өкүлөрү, маркетплейс селлерлери, байерлер түзгөн. Форум жеңил өнөр жай тармагындагы аутсорсинг боюнча эл аралык "Bee-Together Кыргызстан" көргөзмө-платформасынын алкагында уюштурулду.
ЕБК башкармалыгынын төрагасы Уран Ниязалиев жана РАФИ директору Виктория Криворучко "Bee-Together Кыргызстан" көргөзмө-платформасы тигүү ишканалары үчүн буйрутма жана кардарларды, ал эми дүң жана чекене кийим бренддери үчүн фабрикаларды табууда эң сонун аянтча болуп жатканын белгилешкен. Форумда кыргызстандык өндүрүшчүлөр менен россиялык ири кардарлардын кызматташуусунун көйгөйлүү маселелери да көтөрүлдү. Эл аралык Familia, Peplos жана Lamoda бренддеринин өкүлдөрү узак мөөнөттүү кызматташууда шарт-талаптарды сактоо керектигин айтышкан.
Wildberries компаниясынын Кыргызстандагы мамлекеттик органдар менен байланыш бөлүмүнүн директору Ксения Школьникова ата мекендик соодагерлердин маркетплейстеги сатуу көлөмү боюнча статистика менен бөлүшкөн. 5-апрелде сатып алуучулар Бишкектеги завод-фабрикаларды кыдырышмакчы.
Bee-Together — Россия жана КМШнын жеңил өнөр жай тармагындагы эң ири B2B платформасы. Ал фабрикаларды потенциалдуу кардар болгон бренд, ритейлер, корпоративдик кардарлар менен байланыштырат.
Бишкекте жеңил өнөр жай тармагындагы аутсорсинг боюнча ири көргөзмө өтүп жатат