ТЭЦ ири суммага оңдолот деп так эмес маалымат тараткан мамкызматкер иштен алынды

Жылуулук электр борбору ири суммадагы каражатка оңдоодон өтөт деген маалымат чындыкка дал келбейт.
Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Бишкек ТЭЦин оңдоо боюнча туура эмес маалымат тараткан деп Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жооптуу кызматкери иштен бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов соцбаракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, Бишкек ТЭЦи ири суммадагы каражатка оңдоодон өтөт деген маалымат чындыкка дал келбейт.
"Буга чейин бир катар маалымат каражаттарында ТВЕА Бишкек ТЭЦинин эки блогун оңдоого 1 миллиард 140 миллион доллар салат" деген маалымат тарап, кийинчерээк ал Энергетика министрлиги тарабынан жокко чыгарылган. Анык эмес маалыматтын таркатылышына Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жооптуу кызматкери жол берген. Бул катасы үчүн ал бүгүн кызматынан бошотулду", — деп жазылат кабарда.
Алагөзов бул маалымат кандай максатта тараганы, анын коомчулукту дүрбөтүүнү көздөгөндөр менен байланышы болгон-болбогону териштирилип жатканын кошумчалаган.
31-мартта Энергетика министрлиги Кытайдын ТВЕА компаниясы ТЭЦтин эки блогунда оңдоо иштерин жүргүзөрүн кабарлаган. Бирок суммасы айтылган эмес.
Кийинки жылы Бишкектеги ТЭЦ толугу менен газга өтүшү мүмкүн