Бишкек менен Оштун ТЭЦтери жергиликтүү бийликтин карамагына өтөт

Жапаров көпчүлүк отканалардын эскилиги жетип, эффективдүүлүгү азайып, натыйжада чоң жоготуулар болуп жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Садыр Жапаров бүгүн, 3-апрелде, Энергетика министрлигине караштуу "Кыргыз жылуулук энерго" мамлекеттик ишканасын реформалоо боюнча кеңейтилген жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Иш-чара министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн, президенттин администрациясынын жана жергиликтүү бийлик органдарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда өттү.
1 / 2

Садыр Жапаров бүгүн, 3-апрелде, Энергетика министрлигине караштуу "Кыргыз жылуулук энерго" мамлекеттик ишканасын реформалоо боюнча кеңейтилген жумушчу кеңешме өткөрдү

2 / 2

Иш-чара министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн, президенттин администрациясынын жана жергиликтүү бийлик органдарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда өттү

Видеобайланыш аркылуу президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери жана райондордун акимдери катышты.
Мамлекет башчысы жылуулук менен камсыздоо тутумун оптималдаштыруу боюнча көрүлгөн чараларга карабастан, ар жылы турак жайларды жана социалдык объектилерди жылытууда кандайдыр бир маселе чыгып, көйгөй болуп келгенин белгиледи.
Жапаров көпчүлүк отканалардын эскилиги жетип, эффективдүүлүгү азайып, натыйжада чоң жоготуулар болуп жатканын белгиледи. Муну менен катар тармакта квалификациялуу адистердин жетишсиздиги, энергоресурстардын өздүк наркынын жогорулашы, ошондой эле коррупциялык көрүнүштөр сындуу себептерден улам иштин жүрүшүндө маселелер жаралууда.
"Буга байланыштуу Садыр Жапаров "Кыргыз жылуулук энерго" мамлекеттик ишканасынын филиалдары, Бишкек жана Ош шаарларынын ТЭЦтери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына өткөрүлө турганын белгиледи", — деп айтылат маалыматта.
Ошол эле маалда жылуулук менен камсыздоо объектилери алдыдагы үч жыл аралыгында республикалык бюджеттен каржыланат. Бул убакыттан кийин отканалар өзүн-өзү актай турган деңгээлге чыгуусу тийиш.
ТЭЦ ири суммага оңдолот деп так эмес маалымат тараткан мамкызматкер иштен алынды