Бишкекте экспресс-каттамдарды киргизүү сунушталууда

Экспресс-каттамдар жүргүнчүлөрдүн убактысын үнөмдөп, тыгындарды азайтары белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Бишкекте экспресс-каттамдарды киргизүү сунушталууда. Тийиштүү ченемдик-укуктук акт мэрия тарабынан коомдук талкууга чыгарылды.
Маалыматка ылайык, аталган каттамдар шаардын алыскы аймактарынан акыркы аялдамага чейин токтобой коомдук транспорт үчүн чийилген тилке менен жүрө алат.
"Шаар боюнча коомдук транспорттун жүрүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында экспресс-автобустук жана кичи автобустук каттамдарды ачуу пландаштырылууда", — деп жазылат маалыматта.
Мындан тышкары, экспресс-каттамдар үчүн жаңы тарифтер киргизилери кошумчаланган.
Бишкек мэриясы маршруткалардын кыймылы кандай өзгөрөрүн айтты. Карта